Ошто мыйзамсыз курулган 30дан ашык соода күркөлөрү жана тейлөө жайлары сүрдүрүлөт

Ош шаарынын аймагына жакын жайгашкан жана Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караган А.Мамыров көчөсүндөгү 32 мыйзамсыз курулган соода күркөлөрү жана тейлөө жайлары сүрдүрүлөт.

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай пикирди КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жеринде текшерүү учурунда билдирди.

Облус башчысы Кара-Суу районундагы тиешелүү адистер менен биргеликте Мамыров көчөсүндөгү курулуштарды көрүп чыгып, мыйзамсыз иш алып барып жаткан күркөлөрдү сүрдүрүп, көчөнүн жээктеринде жашылдандыруу иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилеп кетсек, А.Мамыров көчөсүнүн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караган бөлүктөгү соода күркөлөрүндө курулуш жүргүзүүгө жана коммерциялык багытта пайдаланууга уруксат берилген эмес. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, убактылуу пайдаланып туруу үчүн уруксат кагаздар жашылдандыруу жумуштарын жүргүзүүгө берилген.

Буга чейин аталган соода күркөлө ээлерине эскертүү кагаздары берилген, эми атайын комиссия түзүлүп, келишимди бир тараптуу токтотуу каралууда.