Бишкекке Минск шаарынан 182 кыргызстандык учуп келди

Бишкекке Минск шаарынан 182 кыргызстандык учуп келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, арасында Беларус, Украина, Австрия, Венгрия, Британия, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерланд, Польша, Франция, Швейцариядан келген кыргызстандыктар бар.

 

Ошондой эле бүгүн Ошко Новосибирск шаарынан чартердик каттам менен  173 жаран учуп келди, анын ичинде балдар да бар.