Аксы районунда сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Топон сууга агып кеткен эки бала табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жоголгон наристелерди издөө, селдин кесепетин жоюу иштерин улантууда.
Эске салсак, Аксыда 12-июлда жаандан улам кокту-колоттон сел жүрүп, сегиз кишини агызып кеткен.
Алты адамдын сөөгү табылды, алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени аныкталды.