Эртең «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык концерт өтөт.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда,
майрамдык иш-чара кечки саат 8де башталат.
Анда мэриянын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааты жана
эстрада ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Ошондой эле концерт майрамдык салюттун аттырылышы менен жыйынтыкталат.