Ош шаарындагы М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана аймактагы жаштар катышты. Форумдун катышуучуларына бир катар маанилүү маалыматтар айтылды. Алардын ичинде:
- “Түндүк” мобилдик тиркемесин колдонуунун артыкчылыктары;
- булут электрондук кол тамганын маанилүүлүгү;
- өлкө аймактарын интернет менен камсыз кылууда «DCASA – КР» долбоорунун жетишкендиктери тууралуу сөз болду.
Ошондой эле көргөзмө уюштурулуп, анда жогорку санариптик технологиялардын жетишкендиктери тууралуу презентациялар жасалды.
Эми иш-чара 19-апрелде Жалал-Абад шаарында өтөт.