Бишкекте соңку жылдары маршруттук таксилердин саны дээрлик 3 эсе азайды

Бишкекте соңку жылдары маршруттук таксилердин саны дээрлик 3 эсе азайды. Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасы департаментинин директору Нурбек Сагынбек уулу билдирди.

 

Анын айтымында, 2015-жылдары шаар тургундарын каттамдарда 5 миң кичи автобус тейлеп келсе, учурда алардын саны 1 миң 300дү түзөт.

 

Бул күйүүчү май кымбаттап, жүргүнчү ташуу пайдасыз болгонуна байланыштуу. Ал эми автобус башкармалыгында 476 автобус бар, анын 300 даанасы эскилиги жеткендиктен, линиядан чыгарылды, — деди чиновник.