Кыргызстанда доллар курсу бир күндө 70 тыйынга арзандады

Кыргызстанда доллар курсу бир күндө 70 тыйынга арзандады. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары аны 77 сом 70 тыйындан сатып алып, кайра 78 сомдон сатышууда.

 

Муну менен америкалык валюта майдын башынан бери 1 сом 50 тыйынга арзандады. Эске салсак, мартта доллардын куну кескин көтөрүлүп, 85 сомго жеткен. Серпилүүнү алдын алуу максатында Улуттук банк дүйнөлүк валюта рыногуна чыккан.