Ошто көп балалуу аялдар сыйланды

Ошто көп балалуу аялдар сыйланды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, президенттин жарлыгына ылайык, 14 энеге “Баатыр эне” ордени жана 12 аялга  “Эне даңкы” медалы тапшырылды.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Ош шаарында 900гө жакын “Баатыр эне” бар болчу. Бул наам 7 же андан көп баланы өстүрүп, тарбиялаган апаларга берилет.