Кыргызстанда электр энергиясына болгон туумдарды кыскартуу боюнча акция уланууда.
“Түндүкэлектр”, “Жалал-Абадэлектр” жана “Чыгышэлектр” ишканаларынын карызы бар
керектөөчүлөрү 31-декабрга чейин бересесин төлөсө, чегерилген туум толугу менен чийилет.
Абоненттер каражатын гана үнөмдөбөстөн, бересеси барлардын кара тизмесинен
чыгарылат. Мындай акция 31-декабрга чейин созулат.