Бишкектеги №63 мектепти курчоого алышты

Борбор калаанын 11-кичи районундагы №63 мектеп- гимназияга бомба коюлганы боюнча маалымдашкан. Бул туурасында Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.
Кабар саат 09:43тө Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүгүнө келип түшкөн.
Гимназиянын аймагы курчалып, окуучулар менен андагы иштегендер эвакуация болгону айтылды.