Ошто таза суу берүү жанданды. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. “Ошсууканал” ишканасы буга чейин оңдоо иштерин жүргүздү.
Эске салсак, түндө нөшөрлөгөн жаандан улам “Туран”, “Юго-Восток”, “ХБК” кичи райондорунда жана борбордук көчөлөрдө таза суу өчүрүлгөн.