Бишкекте 3 күндүк жарманкеде эт арзан баада сатылат.
Продукцияларды төмөн баада сатуу жарманкеси 17-19-20-декабрда ордо калаадагы
7-кичирайондогу жана Горький Алма-Ата көчөлөр кесилишиндеги 2 ири соода
борборлорунда өтөт — деп билдиришти айыл-чарба министрлигинен.
Маалыматка караганда, ал жерлерде уй эти 390 сом, тоок эти 135 сомдо жеткиликтүү болот.
Мындай жарманкеде калкты колдоо максатында дыйкандар
бир катар айыл чарба продукцияларын дүң баада сатышат.