Кумшекер менен өсүмдүк майына товардык интервенция жүргүзүү тапшырылды

Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майына товардык интервенция жүргүзүү тапшырылды.

Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кумшекерге минималдуу дүң баа 1 килограммына 65 сом, өсүмдүк майы литрине 124 сом деп белгиленди.