Ошто жол чырактар үчүн акылдуу система орнотуу пландалууда

Ошто жол чырактар үчүн акылдуу система орнотуу пландалууда.

Мэриядан билдиришкендей, бул шаардагы тыгын маселесин чечүүгө жардам берет.

Системага ылайык, светофор унаалардын агымына жараша жол кыймылын жөнгө салат.

Долбоорду ишке ашыруу маселеси учурда япониялык компаниялардын бири менен талкууланууда.