Коронавирус күч алган Баткен аймагында 118 кызматы ишин жандантты

Коронавирус күч алган Баткен аймагында 118 кызматы ишин жандантты.

 

Жергиликтүү тургундар вирус боюнча маселелер менен күнү-түнү кайрылса болот. Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, адистер жарандардын оорусунун белгилерине жараша, зарыл болгон учурда мобилдүү бригаданы жардамга жиберет.

 

Белгилеп кетсек, Баткен акыркы мезгилдерде коронавирус эң көп катталып жаткан облустардын сап башында.