Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы орнотулган эмес

Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы орнотулган эмес.

Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик

комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, байланыш операторлору

Байланыш агенттигинин уруксаты жок мындай жабдууларды орното албайт.

Ошондой эле технологиянын адамдын ден соолугуна тийгизүүчү зыяны тууралуу

лабораториялык тастыкталган маалымат жок. Белгилеп кетсек, соцтармактарда

5G антенналары вирус жайылтат деген маалымат тарап жатат.

Мындай билдирүү чындыкка дал келбейт, — дешти комитеттен.