Ошто жолдордогу чуңкурларды бүтөө иштери башталды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда жумуштар Ленин, Курманжан-Датка, Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүндө жүрүүдө.
Муниципалитеттен белгилешкендей, жакынкы арада калыбына келтирүү иштери бардык көчөлөрдө жүргүзүлөт.