28-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат убагында ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 72 жаран жеткирилип, 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Бишкек шаары– 57;
Ош шаары — 3;
Жалал-Абад шаары — 1;
Сузак району — 4;
Нарын шаары — 2;
Ат-Башы району — 5.
Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3 миң 654 жаран кармалды.