Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Бишкекке кошумча  104,8 миллион сом бөлүп берди

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Бишкекке кошумча  104,8 миллион сом бөлүп берди. Мэриядан билдиришкендей, каражат жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга багытталды. Учурга карата ордо калаанын бардык медицина жайларында коргонуу каражаттары жетиштүү көлөмдө бар.

 

Пандемия башталгандан бери фонд тарабынан Бишкекке жалпысынан 1 миллиард 576 миллион сом бөлүнгөн, — дешти муниципалитеттен.