Бишкекте адамдын жүзүнөн таануучу 20 камера иштеп жатат

Бишкекте адамдын жүзүнөн таануучу 20 камера иштеп жатат.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдиргендей,

камера бир гана издөөдө жүргөн жарандарды таанууга жөндөмдүү.

Ал эми жөнөкөй жарандар базада жок болгондуктан, аларды жабдуу каттабайт.

Кошумчаласак, мындай чара коопсуздукту күчөтүү максатында аткарылгандыктан,

камералар кайсыл жерде орнотулганы тууралуу маалымат берилбейт.