Бишкекте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты өтүп жатат. Мелдештер 21-январда старт алды, бүгүн жана эртең ошондой эле эркин күрөш боюнча турнир өтөт.
Анын жыйынтыгы менен Азия чемпионатына жана башка эл аралык, лицензиялык чемпионаттарга тандоо жүргүзүлөт.