Парламент комитети санарип өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети санарип өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Алгач сунушталган талапкер тууралуу маалымат менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, мекемелелер аралык электрондук өз ара байланыш системасын жакшыртуу, аймактардагы калкты тейлөө борборлорунун ишин алдыга жылдыруу багытындагы ойлору менен бөлүшүштү.

Айтылган маселелерден кийин сунушталган Талантбек Имановдун талапкерлиги колдоого алынды.

 

Андан тышкары, тармактык комитеттин мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү карап, кабыл алды.