Кыргызстанда жашоо минимуму 17 пайызга өстү

Кыргызстанда 2021-жылдын жыйынтыгы менен жашоо минимумунун өлчөмү 6 миң 268 сомду түздү.

 

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, көрсөткүч 2020-жылга салыштырганда 17 пайызга өстү.

 

Орточо эсеп менен алганда өлкөдө жашоо минимуму 910 сомго жогорулады. Жашоо минимуму Жалал-Абад облусунда, Бишкек жана Ош шаарында эң көп көрсөткүчкө жеткен.