Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 37 миллион метр кубга азайды

18-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 559 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

«18-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 559 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 141 метр куб, агып чыгышы 570 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти мекемеден.

Былтыр, 2021-жылдын 18-январында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 358 миллион метр кубду түзгөн.