Парламент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды

Парламент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды.

Бул кызматка аны президент Садыр Жапаров сунуштаган. Добуш берүүдө 76 депутат макул,

бешөө каршы болду. Эми Бөкөнтаев президенттин буйругу чыккандан кийин кызматка киришет.

Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-10-жылдар аралыгында, Улуттук банктын төрагасынын орун

басары болгон. Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеш депутаттары Улуттук

банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алган.