Жалал-Абадда кызыл зоналар ишин токтотту

Жалал-Абадда кызыл зоналар ишин токтотту.

Ковидге чалдыккан жарандарды дарылоо бир гана Аксы жана

Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан жалпы практикалык дарыгерлер

борборунун жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактагы

координатору Замира Орунбаева билдирди. Ал белгилегендей,

бүгүнкү күндө облуста коронавирус боюнча эпидемиологиялык

кырдаал туруктуу. Андан тышкары, калкты эмдөө үчүн облус

аймагында 133 убактылуу эмдөө түйүнү иштеп жатат.