Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрда жарыяланат

Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрда жарыяланат. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, автоматтык урналар алдын ала жыйынтыкты ошол эле күнү тилкелер жабылгандан кийин 1,5 сааттын ичинде чыгарып берет.

 

Андан кийин кол менен саноо жүргүзүлүп, расмий жыйынтык 3 жумадан кийин чыгарылат.

 

План боюнча, бул күн 18-декабрга туура келет. Эске салсак, Кыргызстанда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.