Жергиликтүү кеңештерге 340,5 миң шайлоочу добуш бере алат

Жергиликтүү кеңештерге 340,5 миң шайлоочу добуш бере алат.

Бул жалпы шайлоочулардын 10 пайызын түзөт. Боршайкомдун маалыматына

караганда, добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси түзүлүп бүттү.

Катталган жерин өзгөрткөн жарандардын паспортуна атайын белги

коюлушу зарыл. Андай белгиси жок жарандар добуш берүүгө киргизилбейт.

22-февралдан тарта шайлоочулардын тизмеси тиешелүү шайлоо участокторунда илинет.

Добуш берүүчүлөр 27-мартка чейин ошол жерден өздөрүнүн аты-жөнүн тактаса болот.