Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн Россияда кыргызстандыктарды каттоо 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт.
Аталган мамлекеттеги биздин элчиликтен билдиришкендей, жарандар ага чейин консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматын тапшырышы керек.
Шайлоо тилкелери Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Хабаровск, Владивосток шаарларында ачылат. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.