Пенсиялык реформага ылайык, пенсияга чыгуу үчүн паспорт гана керек болот

Пенсияга чыгуу үчүн паспорт гана керек болот.

Мындай норма жаңы пенсиялык реформага киргизилгенин Социалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев билдирди.

Ал эске салгандай, өлкөдө эркектер 63, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгышат.

Эч кандай документтерди чогултуунун кереги жок.

Социалдык фонд 1996-жылдан бери ар бир жарандын жеке эсебин жүргүзүп келе жатат, — деди Алиев.

Белгиленгендей, жаңычылдыкты келерки жылдан тарта ишке киргизүү пландалууда.