Ошто Кыргызстандагы алгачкы стационардык аянтчалардын долбоору ишке кирет

Ошто Кыргызстандагы алгачкы стационардык аянтчалардын долбоору ишке кирет.

Мэриядан билдиришкендей, бул пилоттук долбоордун алкагында эки стационардык участок орнотулат, анда туруктуу негизде диспетчер жайгашып, тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана соода калдыктарын уруксатсыз чыгаруу маселесин көзөмөлдөйт.

Жалпысынан мындай стационардык участоктордон 10го жакын орнотуу пландаштырылууда.

Бул долбоор ишкана тарабынан өз күчү менен ишке ашырылып, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.