Биздин өлкөдөн Өзбекстанга суу берүү маселеси чечиле элек

Биздин өлкөдөн Өзбекстанга суу берүү маселеси чечиле элек.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында,

быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондуктан

Өзбекстандын бийлигине так жооп берилген эмес. Боронов белгилегендей,

“Кайтпас” бекетин ачууга да биздин өлкө макулдугун берген жок. Кошумчаласак,

быйыл кышкы сезондо Кыргызстан Казакстандан 500 миллион

киловатт саат электр энергиясын сатып алууну көздөп жатат.