Камбар-Ата ГЭС-2 курулуш иштерин Кыргызстан жана Өзбекстан биргеликте жүргүзөт

 

The military are on duty. They guard the entrance to the Kambarata HPP. It contains 49 million cubic meters of water

 

Камбар-Ата ГЭС-2 курулуш иштерин Кыргызстан жана Өзбекстан биргеликте жүргүзөт.

Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан тараптан жол картасы даярдалган, эми техникалык-экономикалык

негиздөө долбоорун активдештирүү маселеси талкууланат. Аны менен катар кызматташтыктын

шарттарын иштеп чыгуу башталат жана келишим долбоору даярдалат. Бул айкын

инвестицияларды камтыган толук масштабдуу келишим болот. Долбоорду

июнь айына чейин даярдап, июлда аны макулдашууга берүү пландалууда.