Азырынча өлкөгө өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек.
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында,
аймактардагы жетекчилер тарабынан киргизилген санитардык-эпидемиологиялык,
карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана экономика субъектилери милдеттүү
түрдө аткарышы керек. Муну менен катар өлкө башчы Республикалык штабга облус
аралык коомдук унааларды токтотуу сунушун берди. Мындан тышкары
масштабдуу иш-чараларды, мааракелерди өткөрүүгө да чектөө киргизүү бар.