Президент Садыр Жапаров мектептерде ата-энелерден акча чогултуу чечимине каршы чыкты. Өлкө башчынын басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, бул сунуш коррупция жаатында мамлекеттик саясатка карама каршы келет.
Андан тышкары, мындай система билим берүү тармагын жакшыртууга реалдуу жардам бербейт.
Тескерисинче, ата-энелерге жүктөлгөн ашыкча жүк болот. Эске салсак, буга чейин Билим берүү министри Болотбек Купешев мектептин материалдык-техникалык базасын колдоо үчүн жылына бир жолу ата-энелерден акча чогултуу сунушун киргизген.