Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо өз учурунда өтөт.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов
билдирет. Анын айтымында, эл каттоо мурда белгиленгендей эле өлкө
боюнча 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы тоолуу аймактарда 20сынан
29-апрелге чейин өтөт. Буга чейин коронавирус коркунучунан улам
өлкөдө бир нече иш-чаралар токтотулуп же кийинкиге жылдырылган.
Белгилеп кетсек, Эл каттоо ар бир 10 жылда өлкөлөрдүн статистика
кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда
быйыл биринчи жолу электрондук форматта өтөт.