Келе жаткан окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталат. Мектептерде акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат, — деп билдирди Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова.
Анын айтымында, биринчи чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрга чейин созулат. Экинчиси 15-ноябрдан адаттагыдай эле 31-декабрга чейин уланат. Үчүнчү чейрек 11-январдан 18-мартка чейин жана төртүнчү чейректе окуучулар 28-марттан 8-июнга чейин окуйт. Эске салсак, Кыргызстанда жаңы окуу жылынын башталышы 2 жумага жылдырылды.
Бийлик муну кадимки режимге акырындап өтүү менен түшүндурдү.