Билл Гейтс климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн 1 жарым миллиард доллар бөлөт

«Майкрософт» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, эгер Конгресс көмүр кычкыл газын азайтуучу технологияларды өнүктүрүүгө багытталган долбоорду кабыл алса, анын «Breakthrough Energy» фонду бул долбоорго үч жылдын ичинде 1 миллиард 500 миң доллар бөлүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, миллиардер бул акчаны үч жылдын ичинде климаттын өзгөрүшүнө таасирин тийгизген парник газдарынын эмиссиясын азайтуу долбоорлоруна жумшай тургандыгын айткан.

«Климаттын бардык технологиялары үчүн эң маанилүү нерсе — чыгымдарды кыскартуу жана технологияларды жогорку деңгээлге чыгаруу. Эгер өкмөт туура саясат жүргүзбөсө, анда силер эч качан мындай деңгээлге чыга албайсыңар«, — дейт ал.

Маселен бул долбоорду Конгресс кабыл албаса, анда ал каржылоо максатында башка өлкөлөргө кайрыларын айткан.

Белгилей кетсек, АКШ Сенаты өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүү планын 1,2 триллион долларга жактырган.