Президент Жапаров суучул Шуликого 500 миң сом бөлдү

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн 180 чакырымдан ашуун узундугун башынан аягына чейин сүзүп өткөн спортчу Владислав Шулико менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып атты», — деген мамлекет башчы.

Жапаров Владислав Шуликонун жетишкендиги жөнүндө Гиннестин рекорддор китебине билдирме берүү үчүн каражаттын жетишсиздигине байланыштуу кыйынчылыктардан кабардар экенин билдирип, президенттик фонддон 500 миң сом бөлдү.

21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан алты күн ичинде сүзүп өтүп, 27-августта рекорд койгон.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик белгилегендей, сууда сүзүү боюнча спорт чебери Владислав Шулико Караколдон бери өткөн 180 чакырымдан ашуун дистанция олимпиадалык 3600 бассейнге барабар. Ысык-Көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метр.

Владислав Шулико бир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген.