Ошто дизайнерлер шаардын логотибин жасашат

Оштогу графикалык дизайнерлер карантин учурунда шаарга логотип жасашат. Бул туурасында «Азаттыкка» сүрөтчүлөрдүн тобу билдирди. Алардын жасаган логотиби мэрияга акысыз сунушталат.

 

«Оштун логотиби жок да, герб менен желеги гана бар. Негизи шаарлардын өзүнүн да логотиби болот. Биз ошону карантин учурунан пайдаланып жасайлы деп жатабыз. Бир жагынан элдин көңүлүн жакшы жаңылыкка буруу, экинчи жагынан шаарга пайдалуу иш кылуу максатын көздөдүк», — деп билдиришти шаардагы графикалык дизайнерлер.

 

Ош шаарында коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал, 25-марттан бери өзгөчө абал киргизилген.