Ак Үйдүн күн батыш жагындагы кире беришине кайрадан шлагбаум коюлду

Ак Үйдүн күн батыш жагындагы кире беришине кайрадан шлагбаум коюлду. Шлагбаумдун коюлушу боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбековага байланышканыбызда, шлагбаум унаа токтотуучу жайды иретке келтирүү үчүн коюлгандыгын билдирди.

 

«Унаалар токтогон жайды иретке келтирүү максатында шлагбаум коюлду. Ал эми Ак Үйдүн башка тарабы, анын ичинде Панфилов көчөсү тарап ачык эле турат», — деди Индира Куралбекова.

 

Эске салсак, 5-6-октябрда болгон окуялардан кийин коомчулук, социалдык тармактын колдонуучулары Ак Үйдүн тосмосун алуу сунуштарын айтып чыгышкан. Ошондой эле социалдык тармакта аталган имараттын тосмолору жок тартылган сүрөт тарап, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган.