“Манас” эл аралык аэропорту кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аба-майдандын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бардык эл аралык жана ички каттамдар жүгүртмөгө ылайык ишке ашууда.
Жүргүнчүлөргө аэропортко эрте келип, жанында жеке коргонуучу каражаттарды алып жүрүү сунушталат, — дешти аба майдандан.