Президенттик шайлоолордо добуштардын 50 пайыздан ашыгын топтой алган талапкер жеңишке жетет

Президенттик шайлоолордо добуштардын 50 пайыздан ашыгын топтой алган талапкер жеңишке жетет. Бул тууралуу novosti.kgге БШКнын укук бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу билдирди.

 

Анын айтымында, президенттик шайлоолордо республикалык жана аймактык босоголорго бөлүү болбойт. Добуш берүүдөгү мындай ыкма Жогорку Кеңеш шайлоолорунда гана колдонулат.

 

Эске салсак, мамлекет башчысын мөөнөткө чейин тандоо 10-январда өтөт. Бул постко 18 талапкер ат салышууда.