Унаа жана жолдор министрлигинин бөлүм башчысы кармалды

Унаа жана жол министрлигине караштуу Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин Нарындагы аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды.

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал кызмат абалынан кыянат пайдаланып, Нарын дарыясынан өтүүчү көпүрөнү курууда 17 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.

 

Коррупцияга каршы кызмат тарабынан 16-декабрда кармалган аткаминер Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кеп Нарын дарыясындагы кайсыл көпүрө жөнүндө экени, ага канча сумма коротулушу керектеги жана курулушу качан башталганы тууралуу маалымат жок.