Парламенттик шайлоолордо ар бир тилкеде 10дон шайлоо комиссиясынын мүчөсү бекитилет. Бул тууралуу кененирээк БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет.
“Эң биринчиден, албетте шайлоону уюштуруу үчүн мурда айтып кеткендей эле, 2 миң 4625 шайлоо участогу ачылат. Ар бир участокто шайлоо комиссиясы иштейт. 10-12 шайлоо комиссиянын мүчөлөрү иштейт. Жалпысынан, өлкө боюнча 31 миңге жакын киши ошол шайлоо участокторунун мүчөсү болуп эмгектенет”
Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрда өтөт. Эртең аларга карата үгүт кампаниясы старт алат.