Парламенттик шайлоолорго карата чет мамлекеттерде 44 участок ачылат

Парламенттик шайлоолорго карата чет мамлекеттерде 44 участок ачылат. Бул тууралуу Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

 

Анын айтымында, добуш берүү элчилик жана консулдук мекемелерде гана жүргүзүлөт. Андан тышкары, Россияда кошумча терезелер ачылат. Аларда кыргызстандыктар каттоого туруп же биометрикалык маалыматын тапшыра алат.

 

Эске салсак, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт.