Шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу аягына чыгып калды.
Бул тууралуу Novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, эртең же бүрсүгүнү документтер шайлоо тилкелерине жеткирилип баштайт.
Жалпысынан басмаканаларда 7 миллиарддан ашык бюллетень басылууда. Алардын бир бөлүгү президенттик шайлоолорго болсо, калганы референдум үчүн. Эске салсак, добуш берүү 10-январда өтөт.