БШКдан президенттик шайлоолордо жана референдумда добуш берүү тартиби тууралуу айтып беришти

БШКдан президенттик шайлоолордо жана референдумда добуш берүү тартиби тууралуу айтып беришти. Боршайком төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, жаранга шайлоо тилкесинде 2 бюллетень берилет.

 

Бири ак түстө болот – ал президенттик шайлоо үчүн, көк – референдум үчүн. Аларды алгандан кийин добуш берүүчү кабинкага кирип, экөөндө тең белги коюп, эки башка урнага салат. Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум   10-январда өтөт.