Президенттин иш башкармалыгынын бюджети дээрлик эки эсе кыскарат

Президенттин иш башкармалыгынын бюджети дээрлик эки эсе кыскарат.

 

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, февралда мамлекет башчынын иш башкармалыгына республикалык бюджеттен 37 миллион сом бөлүндү.

 

Январда бөлүм 68 жарым миллион сом сарптаган.

 

Муну менен бул айда чыгашалар 1,8 эсеге же 31 миллион 460 миң сомго азаят.