Өлкөгө электр энергиясын импорттоого 1 миллиард 200 миллион сом бөлүндү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал белгилегендей, электр энергиясынын жетишсиздиги 6 миллиард кВт саат болсо, анын 3 миллиард кВт сааты учурдагы тартыштык болуп, импорттун эсебинен жабылат.
Жаңы перспективдүү өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү үчүн дагы 3 миллиард кВт саат керектелет.
Эске салсак, жарыкты импорттоого былтыр 3 миллиард 400 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.